Документтер жана шилтемелер
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2025 – жылдагы дем алыш жана майрам күндөрү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин графигин жактырып, токтомго кол койду.
Ошентип, келерки жылы жумуш эмес майрамдар болот:
1-январь – Жаңы жыл;
7-январь – Христостун туулган күнү;
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү;
8-март – Аялдардын эл аралык күнү;
21-март – Нооруз улуттук майрамы;
7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү;
1-май – Эмгек күнү;
5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
9-май – Жеңиш күнү;
31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;
7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү,
Мусулмандардын ай календары боюнча аныкталган “Орозо айт”,”Курман айт” майрамдар болуп саналат.
Эгерде дем алыш күн жумуш эмес майрамга туш келсе, дем алыш күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети дем алыш күндөрүн башка күндөргө которууга укуктуу.
Майрам алдындагы кыскартылган күндөр: 6-январь, 7-март, 20-март, 30-апрель, 8-май, 6-ноябрь жана 31-декабрь.